Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 01:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо май айында жүргүзүлөт

30.04.2020 11:43
1193
Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо май айында жүргүзүлөт


Мектеп бүтүүрүчүлөрүн Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 4-15-май аралыгында жүргүзүлөт. Бул тууралуу 30-апрелде болгон брифингде билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков айтты.


Анын айтымында окуучулар тестирлөөгө даярдыктарын токтотпошу керек.

 

“4-майдан 15-майга чейин Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылат. Ал эми тестирлөөнүн өзү 21-22-июнь күндөрү өтөт. Бул үчүн бөлмөлөрдүн ичи дезинфекцияланып, абитуриенттердин ортосундагы аралык сакталат жана санитардык-эпидемиологиялык талаптар аткарылат”, - деди Исаков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн