Теке 11, 2025
Убакыт: 18:11
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.118
1.135

Жалган маалымат тараткандарга айып салуу мыйзамы 10 күндөн кийин күчүнө кирет

11.07.2025 11:02
25
Жалган маалымат тараткандарга айып салуу мыйзамы 10 күндөн кийин күчүнө кирет


Интернетте жана ЖМКда жалган маалымат тараткандарга айып салына баштайт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.


Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды 18-июнда кабыл алган. 


"ЖМК же интернет аркылуу коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же болбосо коомдун, же мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузганы үчүн" фейк маалыматтарды тараткандарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салынат.


Мыйзам он күндөн кийин күчүнө кирет. 


Буга чейин интернетте мазактоо жана жалаа жабуу үчүн айып салуу мыйзамы күчүнө кирген. Анда дагы 20 миңден 65 миң сомго чейин жаза каралган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн