Баш оона 09, 2025
Убакыт: 08:35
USD
87.30
87.80
EUR
101.40
102.40
RUB
1.090
1.125

Жалал-Абадда тоодон таштар кулап унаа жол жабылып калды

17.04.2020 09:09
969
Жалал-Абадда тоодон таштар кулап унаа жол жабылып калды


Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда таштар кулап унаа жол жабылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 16-апрель күнү саат 09:50лөр чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 25-чакырымында көлөмү болжол менен 100м3 таш кулап, унаа жол жабылган. Ал эми саат 17:30да жол толугу менен тазаланган.


Маалыматка таянсак, таш кулоодон жабыркагандар жок. Коопсуздукту эске алуу менен жол кечки 20:00дөн эрте мененки саат 08:00 чейин убактылуу жабылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн