Кулжа 13, 2025
Убакыт: 13:59
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Жалал-Абадда тамакка ууланып ооруканага түшкөн окуучу көз жумду

03.11.2023 12:45
1053
Жалал-Абадда тамакка ууланып ооруканага түшкөн окуучу көз жумду


Жалал-Абад облусунда тамакка ууланып ооруканага түшкөн окуучу көз жумганын аймактык ооруканадан билдиришти.


Маалым болгондой, окуя Чокмор айылында катталган. Ата-энесинин айтымында, бала сэндвич жегенден кийин абалы оорлошуп облустук ооруканага жаткырылган. Андан тамакка ууланган белгилер байкалган. Тилекке каршы, үч күндөн кийин окуучу көз жумган.


Ботулизм — тамак-аш менен уулануунун эӊ коркунучтуу түрү. Тамакта ботулизм таякчасы пайда болгону даамынан, көрүнүшүнөн жана жытынан байкалбайт. Илдет эки саатта же 5-6 күндөн кийин билинет.


Ботулизмдин алгачкы белгилери: жүрөк айланып адамдын кускусу келет, тамак кургай бергендей сезилип, ичи өтөт. Ошондой эле тамак жута албай, көз караңгылашып, көрүү начарлайт, булчуңдар алсыз болуп калат. Эң коркунучтуусу — адамдын дем ала албай калышы, бул учурда тиешелүү көңүл бурулбаса адам 3-4 саат ичинде көз жумушу ыктымал. Оору өрчүп кетсе жадагалса суюктук ичүүгө мүмкүн болбой калат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн