Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:34
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Жалал-Абадда иске ууланып 2 жаштагы кыз каза болуп, бир тууганы ооруканага түшкөн

Жалал-Абадда иске ууланып 2 жаштагы кыз каза болуп, бир тууганы ооруканага түшкөн

Жалал-Абад облусунда 2020-жылы туулган наристе иске ууланып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.


Билдирүүгө ылайык, 8-январда саат 01:30 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынан милицияга билдирүү түшкөн.


Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына "Уулануу" болуп катталып, териштирүү иштери башталган.


Окуя болгон жерге Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу барган.


"2023-жылдын 7-январында саат 20:00 чамасында 1993-жылы туулган келин кошумча жумуш кылганы идиш жууганы чыгып кетип жатып, 2019-жылы туулган эркек баласын жана 2020-жылы туулган кызын уктатып үйүнөн чыгып кеткен. Кайра 23:30 чамасында жумуштан келсе, үйүндө электр жылыткычтын зымы ээрип, түтүн каптап, кызы каза болуп калгандыгы аныкталган. Уулу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн