Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:25
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

27.05.2020 12:09
1082
Жалал-Абадда депутаттын агасын атып кетишти

 

Жалал-Абад шаарынын тургуну Сапар Акановду атып кетишти. Бул тууралуу Облустук ишки иштер башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Окуя 27-майга караган түнү Спутник кичи шаарчасында болгон. Акановду 20-25 жаштардагы эки киши травматикалык тапанча менен атып, качып кеткен. Учурда ал облустук клиникалык ооруканада жатат. Ал эми кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам-иликтөө иштери жүрүп, аталган факт боюнча 266-берене ("Ээнбаштык") менен сотко чейинки тергөө башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.


Эске салсак, Сапар Аканов - Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Нурбек Акановдун агасы. Бир туугандар алыш күрөшү боюнча буга чейин дүйнө чемпиону аталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн