Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россиядагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы "Мекен – эне" монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, төрага Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Ленинград шаарын коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эскерүү тактасына да гүл койду.
Кошумчалай кетсек, бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 58-пленардык жыйыны өтөт.
Жыйындын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышына тиешелүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн