Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 21:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Улуттук банктын төрагасы Эл аралык валюта фондунун брифингине катышты

31.01.2025 10:06
754
Улуттук банктын төрагасы Эл аралык валюта фондунун брифингине катышты


27-30-январь күндөрү Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев Эл аралык валюта фонду тарабынан уюштурулган жогорку деңгээлдеги брифингге катышты.


Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, брифинг акча-кредиттик жана валюталык саясаттын негизги аспектилерин, финансы рыногун жана төлөм системаларын жөнгө салуу, борбордук банктын институционалдык базасын жана коргоо механизмдерин чыңдоо маселелерин, ошондой эле Улуттук банктын жана ЭВФтин ортосундагы техникалык кызматташуунун негизги багыттарын талкуулоого арналган.


Брифингдин алкагында Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевдин ЭВФтин башкаруучу директору Кристалина Георгиеванын расмий жолугушуусу өттү.


Анда тараптар дүйнөлүк экономикадагы акыркы тенденцияларды жана чакырыктарды, Улуттук банктын келечекти акча-кредит саясатын өнүктүрүү жана биргелешкен кызматташуунун мындан аркы багыттарын талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн