Улуттук банк кечээ валюта рыногуна 59,8 миллион доллар сатты.
Бул жыл башынан берки үчүнчү интервенция болуп саналат. Башкы банк жыл башында 79 миллион доллар сатса, апрелде 158,3 миллион доллар сатып, бул жылдагы эң ири интервенцияны жасаган.
Эскерте кетсек, Улуттук банк былтыр 26 жолу интервенция жасап, 13 ирет валюта (369 миллион 850 миң доллар) сатып алса, калганында (675 миллион 650 миң доллар) саткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн