Улуттук банк эсептик ченди 9,00% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул чечим 27-майдан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, бул кадам инфляциянын туруктуу деңгээлде сакталып, өлкөнүн экономикалык активдүүлүгү жогорулап жаткандыгына байланыштуу жасалды. 2025-жылдын январь-апрель айларында ички дүң продукциянын өсүшү 11,7%ды түзгөн. Ал негизинен кызмат көрсөтүү, курулуш жана өнөр жай тармактарына тиешелүү.
Инфляция жыл башынан бери 2,9%га жогорулап, жылдык көрсөткүч 7,7% деңгээлинде калыптанган. Бул негизинен электр энергиясы жана айыл чарба продукцияларына болгон сезондук баалардын өсүшү менен байланыштуу. Ошондой эле ички керектөө жана инвестициялардын көбөйүшү да баага таасирин тийгизген.
“Эсептик ченди туруктуу кармоо – инфляцияны көзөмөлдөп, макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылуу максатын көздөйт. Эгерде тобокелдиктер жаралса, ченге өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Эсептик чен боюнча кийинки чечим 2025-жылдын 28-июлунда каралат”, - деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн