Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:49
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыгуу үчүн мамлекетке 20 млн төлөгөн

01.02.2021 11:04
624
Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыгуу үчүн мамлекетке 20 млн төлөгөн

31-январда Ош облустук прокуратурасынын кызматкери Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыккан белгилүү болгон. 


Ал 2020-жылдын ноябрь айында көмүр кенин басып алууга шектелип УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Жактоочусу Икрамидин Айткуловдун айтымында, Өмүрзаковдун иштери тергелип бүтө элек. 


УКМКнын  маалыматына таянсак, прокуратура кызматкери тергөө менен кызматташууга макул болуп мамлекетке зыян келтиргени үчүн 20 миллион сом төлөгөн жана башка өлкөгө чыкпоо келишимине кол койгон.


Мындан сырткары, Өмүрзаков өз каалоосу менен облустук прокуратурадан кетүү боюнча арыз жазган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн