Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 15:20
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Улукбек Марипов "Минск трактор заводуна" барды (фото)

29.05.2021 10:35
1616
Улукбек Марипов "Минск трактор заводуна" барды (фото)

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Беларусь Республикасынын Минск шаарына иш сапарынын алкагында Минск трактор заводуна барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.


Ал заводдо чыгарылып жаткан техниканын бир катар моделдери менен таанышты.


Улукбек Марипов биздин өлкөдө Беларус тракторлорунун таанымал экендигин белгилеп, мындан ары да кызматташууга ишенимин билдирди.


Андан кийин Улукбек Марипов 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин эстелигине гүл койду. 


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Чынгыз Айтматов атындагы паркта болду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн