Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 15:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Украинадагы кырдаал: Кыргызстанга келген орус жарандарынын саны көбөйдү

11.10.2022 12:48
396
Украинадагы кырдаал: Кыргызстанга келген орус жарандарынын саны көбөйдү

Быйыл Россиядагы мобилизацияга байланыштуу Кыргызстанга келген РФ жарандарынын саны салыштырмалуу 30%га көп. Бул тууралуу  маалымат жыйында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди.


Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстанга 192 миң РФ жараны келген.


"2021-жылдын 9 айында 160 миң жаран келген. Ал эми өткөн жылдын 9 айында Россия жарандары тарабынан Кыргызстандын жарандыгын алууга 385 тапшырык берилип, 226и алса, быйылкы жылдын 9 айында 1631 жаран жарандык алууга тапшырык берип, анын ичинен 603ү алды”, - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн