Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 17:01
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Учурда Кыргызстандын экономикасы динамикалуу түрдө өсүп жатат, - министр

26.02.2025 13:15
670
Учурда Кыргызстандын экономикасы динамикалуу түрдө өсүп жатат, - министр


Учурда Кыргызстандын экономикасы динамикалуу түрдө өсүп жатат. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев “Ала-Тоо 24” телеканалына билдирди.


Анын айтымында, өлкө экономикасынын реалдуу өсүү темпи орточо эсеп менен алганда 9 пайызды түзүүдө.


“Бул аябай жакшы көрсөткүч. Биринчиден КР Бюджеттик кодексинде так жазылып тургандай, мамлекеттик карызды ички дүң продукцияга карата 70 пайызга чейин жеткирбешибиз керек. 2019-2020-жылдары 67 пайызга чыгып, динамиканы карасак ар кандай кырдаал болгон. Ошондуктан 70 пайыз деген чектөө турат, андан ашырбоо керек. Бул көрсөткүч акыркы 4 жыл аралыгында 30 пайызга төмөндөдү. Тагыраагы 2024-жылдын жыйынтыгы менен ИДПга карата 37 пайыз болду”, - дейт Бакетаев.


Эгер ушул деңгээлди сактап, жаңы насыяларды албасак 2027-2030-жылдары мамлекеттик карызыбыз 27 пайызга чейин төмөндөшү мүмкүн экенин министр кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн