Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 20:28
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Түштүк-Батыш бажысында мыйзамсыз товарды ташууда мыйзам бузуу катталган

28.10.2021 16:06
1568
Түштүк-Батыш бажысында мыйзамсыз товарды ташууда мыйзам бузуу катталган

Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан жалпы салмагы 19 тонна 238 кг жол сумкалары, байпак , бекиткичтер жана сыдырмалар – анык эмес декларацияланган товарлар аныкталган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, наркы 9 млн 284 миң 294 сом болгон товарлар “Д.Г.Ю.” ЖЧКнын дарегине келген.


Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө тийиштүү төлөмдөрдүн алдын ала суммасы 1 млн 957 миң 658 сомду түзгөн.


Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн