Кулжа 04, 2025
Убакыт: 01:53
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.103
1.135

Түгөлбай Казаков, КР эл артисти: “Жолон Мамытов бийик жаралган инсан эле”

02.06.2025 09:57
90
Түгөлбай Казаков, КР эл артисти: “Жолон Мамытов бийик жаралган инсан эле”


- Түкө, адегенде жакында эле алган “Шериктештик жылдызы” сыйлыгыңыз кут болсун!


- Рахмат! Советтер союзунун учурунда эң жогорку сыйлык – бул Лениндик сыйлык болчу. Союз жоюлгандан кийин шериктештик мамлекеттеринин ортосунда уюштурулган эң биринчи сыйлык ушул. Ошон үчүн мунун эл аралык макамы бар. Буга чейин бул сыйлыкты биздин көп мекендештерибиз: Мар Байжиев, Султан Раев, Ибрагим Жунусов, эл аралык долбоорлорду иштеп жүргөн Дамира Алышбаева алган. 


- Бүгүн айтылуу акын Жолон Мамытовдун 85 жылдыгына арналган ыр майрамы өтүп жатат. Сиз ал кишини билип калдыңызбы?


- Ооба, мен ал байкени көзү тирүүсүндө көрүп, мамилелеш болуп калдым. Майда-чүйдөгө алдырбаган, көкүрөгүн бийик туткан асыл адам эле. Пендечилик деген адамды жерге тартып турат да күнүгө. Чыңгыз Айтматов агабыздын жанагы “адамга эң кыйыны күнүгө адам болуш” дегени ошондон да. Көроокат адамды майдалантып салат эмеспи. Ошолордун баарына моюн бербей, бийиктигинен түшпөй жүргөн бир азамат болчу Жолон Мамытов. Ырларын карап отурсаң деле өзүнүн талантынын деңгээлин, өз ордун, өз баркын билген акын. Бул киши эл акыны наамын алган жок. Бирок, бүгүнкү күндө эл акындарынын далайы унутулду, аларды эстеген киши жок. Ал эми Жокемдин эстелигин ачып отурабыз. Ал кайсы темада жазса дагы, мисалы: 


Ата журт кыйын күнгө кабылганда, 

Айлансын ар бир уулу чагылганга! - деп атпайбы. Бул укмуш саптар да! Мекенчил акын жазса ушунчалык жазаар. Мухтар Шаханов деген досу айтып атпайбы:


Ким эгерде чындап сүйсө мекенин, 

Анын тартаар азабы да ошончо, - деп. Эки достун ушу төрт эле сабы адамды кадимкидей башка жолго салат да. Анан лириканы жазса деле мурдагы конънюктуралык жол менен кетпей, көндүм болгон, чалчыгы чыккан ойлор менен эмес, жаңы ойлорду тапкан. Мисалы, “Издейм сени”. Бул ырдын акыркы куплетиндеги ойду көбү түшүнбөй жүрөт. 


Пушту бекен, кызыл бекен көйнөгүң,

Мынча неге алоолонтуп ойнодуң. 

Балким ушул зор бактынын өзүдүр, 

Өмүр бою бир көрүнбөй койгонуң! - дейт. 


Уккандын баары “сүйгөнүн издеген кишини айтып атат” деп ойлойт. А Жокең болсо бул жерде акындын бактысын кеп кылууда. Көрүнбөй, табылбай койсо өмүр бою жазайын дегени. “Мүмкүн ошол менин зор бактым” деп атпайбы. Жанагы Дагестандын Махмуду деле өмүр бою Мариямды ырдап өттү да. Ушу сыяктуу акындын бактысы такыр башка. Бул пенделердин бактысындай эмес. Пенделер эмне, кошулсак дейт. Кошулган соң жарым жылдан кийин сүйүүсү өчөт. Анан бала-бакыралуу болуп, сүйүүсү балдарга өтүп кетет. Катардагы эле бир үй-бүлөгө айланып калат. А акындын бактысы таптакыр башка. Ал тескерисинче, бир көрүнүп, “дүрт” эткизип күйгүзүп алып, анан көрүнбөй койсо, ошону жаза берүүнү ойлойт. Себеби, ал образ бузулбайт, таза бойдон. Жокең ошол улуу нерсени байкаган. 


- Анда Мамытовдун ырларынын биз байкабаган, көрүнбөгөн жактары көп турбайбы...


- Көрүнбөгөн жактары көп. Ал “керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей кылып жазган. Кыргыз өзү кыйытып айтат да. Тергейт. Жокеңдин ырларында ошондой ойлор көп. Аларды чечмелеш керек. Бир карасаң сүйүүсүн издеген кишинин ырындай болуп кетет. А негизгиси, ал акындын бактысын айтып атат. 


- Анын ырларына көп обончулар обон жазышты. Сиз да бир ырын обонго салдыңыз окшойт?


- Ооба. “Махабат оту” ырдалып жүрөт. Жокеңдин бир артыкчылыгы – мурда акындар айтып кеткен лирикалык ойлорду кайталачу эмес. Өзү тапчу, абдан изденет эле. Анан “менин ырыма мындай, тигиндей обон чыккан” деп айтканын өмүрү уккан жокмун. Ичинен сүйүнсө керек, бирок сыртынан айрымдардай болуп дардактабайт эле. Өзү баардык жагынан бийик жаралган инсан болчу. Адамгерчилиги өзгөчө бийик эле. “Бул кичинекей бала”, же болбосо “чал экен” дечү эмес. Баарына бирдей мамиле кылчу. Эч кимге үнүн көтөрүп, көңүлүн оорутпайт эле. Ошол эле учурда адамдардын жаман-жакшысын аябай байкап турчу. Бирок, начар жагын көрсө дагы билгизчү эмес. Башкача айтканда, өзүнүн деңгээлинен түшпөйт эле. Өзүнүн бийик деңгээли бар болчу, ошодой даражада мамиле кылчу баарына тең.    


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн