Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 00:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Травматология жана Ортопедия борборунун дарыгерлери Алымкадыр Бейшеналиевдин чечимине каршы митингге чыкты

03.02.2022 12:45
1334
Травматология жана Ортопедия борборунун дарыгерлери Алымкадыр Бейшеналиевдин чечимине каршы митингге чыкты

Бүгүн эртең менен Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун алдында Саламаттык сактоо министрлигинин борборду шаардык тез жардам ооруканасына айландыруу чечимине каршы чыккан кызматкерлердин митинги өттү.


Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдиргендей, борбор өлкөдөгү илимий ишмердүлүүк боюнча биринчи орунда турат жана квалификациялуу адистерди даярдоо менен алектенет.


Борбордун директорунун илимий иштер боюнча орун басары Жаныш Сулайманов билдиргендей, борбордо дүйнөлүк стандарттар жана технологиялар боюнча операциялар жасалат.


“Биздин борбордун жабылышы реформа болуп саналбайт, тескерисинче биздин жетишкендиктерди артка калтырат. 18 жылдын ичинде 40-50 жылга караганда көбүрөөк иштер жасалды. Гүлдөп-өсүп жаткан мекемени жөндөн-жөн жоюуга болбойт”, - деди ал.


Ал ошондой эле жамаат кескин чараларга барарын, ал кандай чаралар экендигин кеңешип туруп айтарын белгиледи.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн