Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 13:17
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Транспорт министрлиги донорлордун каражатына 5 унаа жолун курууну пландоодо

03.09.2020 15:05
1001
Транспорт министрлиги донорлордун каражатына 5 унаа жолун курууну пландоодо


COVID-19 пандемиясы Транспорт жана жолдор  министрлигинин инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга терс таасирин тийгизди. Бул тууралуу министрдин орун басары Талант Солтобаев бүгүн, 3-сентябрдагы брифингде билдирди. 


"Карантиндик чаралардын киргизилиши жана эл аралык чек аралардын жабылышы персоналды, керектүү шаймандарды мобилизациялоону  татаалдаштырып, объектилерде кызматкерлердин эркин жүрүүсүнө тоскоолдук жаратты ”, - деди ал.  


Солтобаевдин айтымында, пандемия учурунда жумушту кайра калыбына келтирүү максатында, Транспорт министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Тышкы иштер министрлиги тарабынан, адистерди жумуш орундарына жеткирүү иштери уюштурулган. 2020-жылдын май айынан бери Кыргызстанга 450гө жакын эл аралык адистер келишкен.


"Айрым долбоорлорду ишке ашырууда, COVID-19 пандемиясынын таасиринин натыйжасында, ишке ашыруу графигинде кечигүү болду - болжол менен 3-4 айга жетет", - деп кошумчалады. 


Ошондой эле, Транспорт жана жолдор министрлиги донорлорлору такталган төмөнкү долбоорлорду ишке ашырууну пландаштырууда:


1. Балбай Баатыр  Каракол участкасынын курулуш долбоору;

2.  Корумду  Балбай Баатыр участкасынын курулуш долбоору.

Жана дагы,  донорлор изделип жаткан төмөнкү долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн:

3. АралСуусамыр участкасынын курулуш долбоору;

4. Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолу;

5. ТаразТаласСуусамыр автожолу, км 105-198.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн