Кулжа 06, 2025
Убакыт: 18:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Трамп 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салды

05.06.2025 10:24
39
Трамп 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салды


АКШ президенти Дональд Трамп Афганистан, Бирма, Чад, Конго, Экваториалдык Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган жарлыкка кол койду. Мындан тышкары, Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того, Түркмөнстан жана Венесуэла өлкөлөрүнө карата жарым-жартылай чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу CBS News кабарлаганын Коммерсант.ру жазды.


Трамп мындай чечимди улуттук коопсуздукка коркунуч катары негиздеди. Ак үйдүн маалыматына караганда, бул өлкөлөрдө визалардын мөөнөтүнөн ашырып жиберүү көрсөткүчү жогору жана АКШга келген бул жарандар тууралуу жетиштүү маалымат берилбейт.


Ошондой эле, адам эки өлкөнүн жараны болгон же чектелбеген өлкөнүн паспорту менен саякаттаган учурда, дипломатиялык, БУУнун же НАТО нун визасы барларга, афгандык атайын виза менен, спортчуларга киргенге уруксат берилет деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн