Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:00
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Токмокто жол кырсыгынан жаш жигит каза болду

22.06.2020 09:38
1282
Токмокто жол кырсыгынан жаш жигит каза болду


Токмок шаарында жол кырсыгынан 19 жаштагы жигит каза болду. Бул тууралу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 20-июнь күнү 35 жаштагы аял “Хендай Аванта” унаасын башкарып бара жатып, Дружба көчөсүндө мопед менен сүзүшүп кеткен. Мопедди 19 жаштагы бала башкарып, жанында дагы бир адам болгон.


Кырсыктын кесепетинен мопеддин айдоочусу менен анын жүргүнчүсүн ооруканага жеткирилген. Анын эртеси, 21-июнда 19 жаштагы мопеддин айдоочусу ооруканада каза болуп калган.


Учурда тийиштүү экспертизалар тартылып, тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн