Япониянын Токио шаарында Кыргызстандын студенттердин алгачкы ассоциациясы расмий ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Анын ачылышына Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев катышты.
Ассоциация Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин, JASSO уюмунун, Цукуба университетинин жана элчиликтин өнөктөштөрүнүн колдоосу менен Япониядагы кыргызстандык студенттердин жамааты тарабынан уюштурулган.
Студенттик ассоциацияны түзүүнүн максаты Япониянын окуу жайларында окуп жаткан Кыргызстандын студенттерди колдоо жана интеграциялоо, ошондой эле маданий жана академиялык тажрыйба алмашууга жана Японияда ыңгайлуу жашоого өбөлгө түзүү болуп саналат.
Иш-чаранын конокторуна Кыргызстан тууралуу презентация тартууланып, кыргыз студенттеринин улуттук аспаптарда кол ойнотуу, кыргыз ырларын аткаруу жана "Манас" эпосунан үзүндү аткаруу сыяктуу маданий программасы менен коштолду.
Ошондой эле элчилик Кыргызстандын эл аралык аренадагы демилгелери, анын ичинде 2027-2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлиги тууралуу маалымат берди.
"КР президентинин 2024-жылдын 24-июнундагы № 205 "Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу жана студенттердин маалымдуулугун жогорулатуу, патриоттук сезимин күчөтүү максатында, элчилик Кыргызстандын студенттерин азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын - Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев ишмердүүлүгү менен тааныштырды",-деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн