Кулжа 15, 2025
Убакыт: 01:22
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Тогуз-Тородо жоголгон кытайлык жумушчуну издөө иштери токтотулду

25.07.2020 10:27
936
Тогуз-Тородо жоголгон кытайлык жумушчуну издөө иштери токтотулду


Түндүк—Түштүк жолун куруп жаткан кытайлык жумушчуну издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районунда 6-июль күнү саат 14:00дөр чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун куруп жаткан "China Road" компаниясынын жумушчусу кытай улутундагы эркек адам (1979-жылы туулган) дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 10-июль күнү КР ӨКМнин Тогуз-Торо райондук бөлүмүнө түшкөн.


24-июль күнү издөө иш-чаралары улантылып, натыйжа болгон эмес.


“Бүгүн “China Road” компаниясынын өкүлүнүн ыраазычылык катынын негизинде издөө иш-чаралары токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн