Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 09:23
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Текебаев соңку чуулгандуу кармоолорду эл аралык сотко байланыштырды (видео)

02.06.2021 06:53
1003
Текебаев соңку чуулгандуу кармоолорду эл аралык сотко байланыштырды (видео)

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Кумтөр иши" боюнча акыркы чуулгандуу кармоолорду эл аралык сотко даярдык менен байланыштырды. Ал мындай пикирин "Азаттыктын" эфиринде билдирди.


"Бизди эл аралык сот күтүп отурат. Эл аралык сотто Кумтөр боюнча келишим башынан эле коррупциялык экенин, президент, өкмөтү баш болуп кол алдындагыларга тапшырма берип, зордоп жасатып жатканын далилдеп алып барсак дүйнөлүк коомчулук коррупцияга терс пикирин билдирет. Бүгүн баарын массалык түрдө кармап, ушуну далилдеп жатканын өч алуу, пиар катары карабастан, биз далилдик базабызды бекемдөө катары караш керек", - деди Текебаев.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн