Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 12:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Тазабек Икрамов: Мандаты бар депутаттарды кармоо азыркы Конституцияга каршы келет, буга ким жооп берет? (видео)

02.06.2021 11:34
1497
Тазабек Икрамов: Мандаты бар депутаттарды кармоо азыркы Конституцияга каршы келет, буга ким жооп берет? (видео)

Мандаты бар депутаттарды кармоо азыркы Конституцияга каршы келет буга ким жооп берет?  Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү кезектеги жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди. 


Анын айтымында, депутаттарды кармаган органдар мыйзамды тепселеп жатат. 


"Бүгүнкү күндө коомчулукта депутаттардын кармалышы боюнча нааразычылыктар болуп жатат. Азыркы жаңы Конституция боюнча  мандаты бар депутаттарды кармоо мыйзамга каршы келет. Буга ким жооп берет?  Кармаган органбы же камоо боюнча өкүм чыгарган сотпу? 

Мыйзамды органдын кызматкерлери тепселеп жаткандан кийин жөнөкөй жарандардын укугу такыр эле каралбай калат",- деди депутат. 

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Иманов Улан
Мандат бар деп элди кыйнаса болобу