Теке 10, 2025
Убакыт: 22:06
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.118
1.135

Ташиевдин баласы менен тааныштыгын айтып, алдамчылык кылгандар кармалды

10.07.2025 13:16
22
Ташиевдин баласы менен тааныштыгын айтып, алдамчылык кылгандар кармалды


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын жакын туугандарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган дагы бир кылмыш ишине бөгөт коюулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Буга байланыштуу Ш.у.З. жана С.И.Ф. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды.


Такталгандай, кармалгандар коркутуу жолу менен, ошондой эле УКМК төрагасынын уулу менен жакын мамиледе экендигин айтышып К.Э.И. аттуу жарандын жеке кыймылсыз мүлкүн ээлеп алышкан.


2025-жылдын 3-июлунда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ш.у.З. жана С.И.Ф. кармалып, камакка алынды.


Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн