Кулжа 23, 2025
Убакыт: 04:09:39
USD
87.20
87.70
EUR
100.10
101.10
RUB
1.100
1.130

Ташиев: Коопсуздук маселесине байланыштуу бир нече адам кармалып, ишмердиги токтотулду

30.08.2024 21:32
501
Ташиев: Коопсуздук маселесине байланыштуу бир нече адам кармалып, ишмердиги токтотулду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 31-август - Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурула турган майрамдык иш-чаралардын алдында коопсуздук чаралары көрүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.


“Мен таӊкы 4:30 гана үйгө келип, эртеӊ менен кайра бул жакка учуп келдим. Себеби, коопсуздук маселесин карашыбыз керек. Көптөгөн маалыматтар болуп атат. Түнү менен атайын операцияларды жүргүзүп бир нече адамды кармап, ишмердигин токтоттук”. – деди ал.


Камчыбек Ташиев атайын кызмат кимдерди кармаганын тактаган жок. УКМКнын басма сөз кызматы да азырынча маалымат бере элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн