Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 07:54
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

ТИМ "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учактары боюнча билдирүү таратты

28.01.2021 15:22
642
ТИМ "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учактары боюнча билдирүү таратты

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги ЖМКларда "Аэрофлот" авиакомпаниясы бир катар эл аралык аба каттамдарын токтоткондугу тууралуу тараган маалымат боюнча билдирүү жасады.


ЖМКларда аталган авиакомпаниясы 2021-жылдын 28-мартынан 30-апрелине чейин Москвадан 80 шаарга, анын ичинде Бишкек жана Ошко болгон каттамын токтоткондугу жарыяланган.


Министрликтен билдиришкендей, мындай чечим күн сайын абага көтөрүлгөн каттамдарга гана тиешелүү.

"Москва-Бишкек багыты боюнча каттамдар мурунку режимде улантылат. Бүгүнкү күндө "Аэрофлот" авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу жума күндөрү Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча учууда. Ошондой эле күн сайын чартердик каттамдар Москвадан Бишкек, Ошко жүрүүдө. Мындан сырткары, ушул эле авиакомпаниянын чартердик каттамдары Бишкек, Оштон Россиянын башка шаарларына да учууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын учактары жумасына бир жолу Бишкек-Москва-Бишкек каттамы боюнча жүрүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн