Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 04:33
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

“Соцфонддун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

22.01.2024 16:28
931
“Соцфонддун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду


Президент Садыр Жапаров “КР Социалдык фондунун 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине бюджети жөнүндө” КР Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 21-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздандырууга болгон укугун камсыздоо болуп саналат.

Мыйзамда КР Социалдык фондунун 2024-жылга бюджети кирешелер боюнча 106 982 454,9 миӊ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 105 323 406,5 миӊ сом суммасында бекитилери каралган.

Мында Социалдык фонддун 2024-жылга бюджетинин профицити 1 659 048,4 миӊ сом суммасында белгиленүүдө.

Мыйзам 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн