Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 16:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. «Кыргызстан» саясий партиясы шайлоого катышат

27.08.2020 19:48
1023
Сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. «Кыргызстан» саясий партиясы шайлоого катышат


Бишкек шаарынын административдик соту «Кыргызстан» партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) каршы жазган арызын канааттандырды. Мындай чечим бүгүн, 27-августта кабыл алынды. 


Буга чейин маалымдалгандай, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясы “Кыргызстан” партиясына документтерин кайтарып берүү тууралуу чечимин кабыл алган.


БШКнын өкүлү документти партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келиши керектигин айтып, бирок башка адам алып келген деген жүйөө келтиришкен. 


Ал эми "Кыргызстан"  партиясы БШКнын мындай чечимин мыйзамсыз деп эсептеп, сотко кайрылган. 






Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн