Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан президентинин туулган күнү менен куттуктады

29.06.2020 20:50
1107
Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан президентинин туулган күнү менен куттуктады


Бүгүн, 29-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Гурбангулы Бердымухамедовду туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, бакты-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишмердигине жаңы ийгиликтерди, ал эми боордош Түркмөнстан элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

Мамлекет башчылары кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын келечектүү маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу өз ара кызматташууну арттыруу боюнча биргелешкен пландарды белгилешти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн