Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:43
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Соль-Илецк шаарынан келгендердин 55инен коронавирус табылды

10.05.2020 10:44
1642
Соль-Илецк шаарынан келгендердин 55инен коронавирус табылды


Бүгүн, 10-майга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 71 учурунун 55и Соль-Илецк шаарынан келгендерден табылды, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде.


Анын айтымында, Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан келген 542 жарандын бардыгы обсервацияга алынган. Алардан СOVID-19 инфекциясына карата анализ алынып, 55 адамдан вирус тастыкталды. Бул жарандар дарылоого алынды.


Соль-Илецк шаарынан Бишкекке келгиче автоунаалар менен 4 күн жол жүрүшкөн. Алар тыгыз байланышта жабык пространстводо келгендиктен вирусу бар бир-эки кишиден башкаларга жугуу мүмкүнчүлүгү жогорулап кеткен. Бул вирустун жугуу потенциалы өтө жогору экени дагы бир ирет тастыкталып отурат”, - деди Н.Усөнбаев.


Белгилей кетсек, алар 7-май күнү 70 автоунаа менен келишкени айтылган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн