Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 22:26
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Соль-Илецктен келген 11 айлык наристеден коронавирус табылды

12.05.2020 10:53
1179
Соль-Илецктен келген 11 айлык наристеден коронавирус табылды


Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген 11 айлык баладан коронавирус илдети табылды. Бул тууралуу 12-майдагы брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.


“Россиянын Соль-Илецк шаарынан келген келинден жана анын 4 жаштагы баласынан COVID-19 аныкталбай, 11 айлык баладан коронавирус илдети чыкты. Алардын буга чейин чогу жашаганын эске алып Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада баардык шарттары бар өзүнчө бокуска жайгаштырылган”, - деди Үсөнбаев.


Эске салсак, буга чейин Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан келген жарандардын 55инен коронавирус илдети табылганы айтылган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн