Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 07:37
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Сокулукта сабалган 2 жаштагы наристе. Министр Базарбаев баладан кабар алды

08.02.2022 13:57
929
Сокулукта сабалган 2 жаштагы наристе. Министр Базарбаев баладан кабар алды

 Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалган баладан кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Ага ылайык, кордолгон бөбөк Бишкектеги №3 балдар ооруканасына которулган. Министр баланын ал-абалын сурап, ага жолуккан соң тиешелүү адистерге анын документтерин тезирээк бүтүрүүнү тапшырган. Ошондой эле балага социалдык, психологиялык жана анын үй-бүлөсүнө укуктук жардам көрсөтүү тапшырмасын берген.


Учурда Сокулук районунун эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция башкармалыгы тарабынан баланы жана анын үй-бүлөсүн коргоо боюнча өзүнчө план иштелип чыкканы айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн