Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 12:11
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Санарип сом 2027-жылдан баштап жүгүртүүгө чыгарылат, – Улуттук банк

21.04.2025 11:59
190
Санарип сом 2027-жылдан баштап жүгүртүүгө чыгарылат, – Улуттук банк


Кыргызстанда санарип сом 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирип, жүгүртүүгө чыгарылат. Бул тууралуу Улуттук банктын "Санарип сом" долбоордук тобунун жетекчиси Айгүл Бакесариева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.


Анын айтымында, бир санарип сом нак бир сомго барабар жана колдонууга чыккандан кийин кадимки накталай акча каражаты сыяктуу эле пайдаланылат.


“Санарип сомду колдонуу боюнча мыйзам 2027-жылдын башынан тарта күчүнө кирет. Учурда долбоордук иштер башталган. Эң биринчиден Конституциялык мыйзамдын негизинде Улуттук банкка санарип сомду чыгаруу боюнча мүмкүнчүлүк берилет. Платформанын ээси Улуттук банк санарип сомду киргизүү иштерин бир нече фаза менен жүргүзөт. Биринчи фазада платформадан санарип акчаны чыгаруу, экинчиси банктар менен иштешүү. Анда банктардын тиркемесине санарип сом деген капчыкты киргизип, каражаттарды бир капчыктан экинчи капчыкка которуу боюнча иштерди жүргүзүшүбүз керек”,- деди Айгүл Бакесариева.


Улуттук банктын өкүлү белгилегендей, акча каражаттарын колдонуу негизинен эволюциялык деңгээлде өзгөрүлүп, азыр көп кардарлар мобилдик тиркеме, электрондук капчыктарды колдонушат.


“Алгач нак акча гана колдонуп келгенбиз. Андан кийин нак эмес түрдө карта колдонууга өттүк. Акыркы учурларда жаңы технологияларга өтүү менен интернет банкинг, мобилдик тиркемелер пайда болуп, электрондук капчыктарды колдонуудабыз. Эми санарип акчаны мыйзамдуу түрдө колдонууга баратабыз. Санарип акчаны мыйзамдуу түрдө Улуттук банк гана блокчейн технологиясы аркылуу чыгарат. Башка физикалык же юридикалык тараптар, банктар чыгара албайт. Учурда дүйнөнүн 130 өлкөсүндө санарип валютаны колдонуу боюнча ар кандай этаптарда иштер жүрүүдө”,- деди ал.


Улуттук банктын санарип сом боюнча түшүндүрмөсүнө ылайык, санарип сом – бул Кыргыз Республикасынын накталай жана накталай эмес эсептешүү формалары менен катар колдонулуучу санарип формадагы улуттук валюта. Алардын ар бири бири-бирине эквиваленттүү валюта болуп эсептелет. Акча ээлери сомду бир формадан экинчи формага которуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.


Эскерте кетсек, "Улуттук банк жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, ага 17-апрелде президент Садыр Жапаров кол койгон. Мыйзам күчүнө кирген соң, санарип сом өлкө аймагында мыйзамдуу төлөм каражаты болуп саналган улуттук валюта деп кабылданат.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн