Мамлекеттик салык жана бажы кызматтары биргеликте маалымат алмашуунун автоматташтырылган системасын ишке киргизди. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Жаңы платформа тышкы экономикалык ишмердүүлүккө катышуучуларга кызмат көрсөтүүнү ыкчам, ачык жана ыңгайлуу кылууга багытталган.
Долбоордун максаты
Салыктык каттоонун статусун жана салык менен камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздын жок экенин ырастоо тартибин тездеттүү болуп саналат. Ошондой эле кагаз жүзүндөгү арыздарды жана мекемелерге баруусуз эле депозиттик эсептердеги КНСти кайтаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүү жана тездетүүнү камтыйт.
Кагаз жүзүндөгү маалымкаттарды чогултуу жана жазуу түрүндөгү суроо-талаптарды жөнөтүү зарылдыгы жокко чыгарылат.
Интеграция эмнени камтыйт?
Мекемелер ортосунда төмөнкү маалыматтарды автоматташтырылган түрдө берүү:
- ишканалардын салыктык каттоо статусу;
- салыктык карыздын бар же жоктугу жөнүндө маалымат;
- ЕАЭБ өлкөлөрүндө төлөнгөн КНС боюнча маалыматтар;
- камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздар жөнүндө маалымат.
Артыкчылыктары
- Маалымкат алуу убактысын бир нече күндөн бир нече саатка чейин кыскартуу;
- Ачык-айкындуулугун жогорулатуу;
- Бизнес үчүн ыңгайлуулук, азыраак баруу, кагаз иштери;
- МСК жана МБК кызматкерлери үчүн ишти жөнөкөйлөтүү.
“МБК менен маалымат алмашууну ишке киргизүү — бул салыктык жана бажы процедураларын санариптештирүү жолундагы маанилүү кадам. Жаңы система бизнеске керектүү маалыматты эч кандай кечигүүсүз жана бюрократиясыз алууга мүмкүнчүлүк берет”, — деп белгиледи долбоордун Салык кызматындагы жетекчиси.
Жакынкы кадамдар
Учурда техникалык интеграция аяктап, система сыноо режиминде иштеп жатат. Жакынкы жумаларда бул система чакан жана орто бизнести да камтыйт.
Салык жана Бажы кызматтарынын тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнүн катышуучулары үчүн функционалды жаңыртып, өз ара аракеттенүүнү жакшыртууну улантат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн