Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 19:35
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Саламаттык сактоо министрлиги индиялык компания менен кызматташат

24.05.2024 15:42
321
Саламаттык сактоо министрлиги индиялык компания менен кызматташат


Саламаттык сактоо министрлиги Индиянын "Кендрия Бхандар" компаниясы менен медициналык буюмдар жана жабдуулар тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

Ведомстводон маалымдашкандай, меморундумга саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен "Кендрия Бхандар" фармацевтикалык компаниясынын башкы директору Мукеш Кучердин ортосунда видеоконференция байланышы өткөн. Анын жүрүшүндө медициналык багыттагы буюмдар жана медициналык жабдуулардын материалдары менен камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө министр Алымкадыр Бейшеналиев өлкөнү дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылууда "Кендрия Бхандар" компаниясынын чоң ийгиликтерин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн