Бугу 01, 2025
Убакыт: 11:22
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Садыр Жапаровго чет элдик өнөктөштөрү 2021-жылы чыккан Chevrolet Suburban белек кылды (видео)

06.09.2022 08:27
2670
Садыр Жапаровго чет элдик өнөктөштөрү 2021-жылы чыккан Chevrolet Suburban белек кылды (видео)

Президент Садыр Жапаровдун күзөт кызматы үчүн коштоп жүрүүчү эки унааны гранттык негизде чет элдик өнөктөштөр берген. Бул маалыматты мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.


Интернетке соңку күндөрү президенттин кортежинде 2021-жылкы Chevrolet Suburban үлгүсүндөгү эки чопкутталган жолтандабас жүргөнү тууралуу жазып, социалдык колдонуучулар арасында талкуу жаралган. Эрбол Султанбаев аларга "машиналарды өнөктөштөр алып берген жана атайын унааларды алууга мамлекеттик казынадан каражат кеткен эмес" деп жооп берген.


Басма сөз катчы атайын унааларды качан жана кайсы өнөктөш бергенин тактаган жок.



Булак: "Азаттык"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн