Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 00:20
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

24.06.2022 15:55
566
Шашылыш билдирүү! Айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн


Өзгөчө кырдаалдар министрилиги туруксуз аба-ырайына, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу 25-июнда тоо этектеринде жана тоолуу райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрүн эскертти.

"Кыргызгидромет" кабарлагандай, 25-июнда түнкүсүн Чүй,Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн