Кулжа 24, 2025
Убакыт: 19:06:24
USD
87.10
87.60
EUR
100.90
101.90
RUB
1.100
1.135

Россияда коронавирус жуктургандар 300 миңден ашты

20.05.2020 17:34
1207
Россияда коронавирус жуктургандар 300 миңден ашты


Россияда COVID-19 вирусун бир сутканын ичинде 8764 адам жуктуруп алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.


Маалыматка ылайык, илдетти жуктургандардын саны 308 705 адамга жетти. Алардын 85 392си дарттан айыкса, 2 972 бейтап каза болду.


Эске салсак, коронавирус илдети 2019-жылдын соңунда Кытайдын Ухань шаарынан чыккан. Ал эми Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 вирусун 11-мартта пандемия деп тапкан. Учурда дарт 188 өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 4 915 004 бейтапты түздү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн