Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 17:19
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Россияда чет элдиктердин жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү жылдырылды

22.04.2025 14:11
96
Россияда чет элдиктердин жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү жылдырылды


Россияда чет элдик жарандардын өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштыруу мөөнөтү 10-сентябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, күн мурун кыргыз тараптын демилгеси менен элчи Кубанычбек Бөкөнтаев Россиянын президентинин администрациясынын Чет өлкөлөр менен аймактар ​​аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси И.Маслов менен жолукту. Анда Кыргызстандын жарандарынын Россияда жүрүү маселелери, ошондой эле коомдо кызуу талкууга алынган кыргызстандык мигранттардын катышуусунда Москвадагы мончо комплексинде болгон жаңжал талкууланды.


Элчи Бөкөнтаев болуп өткөн окуяга тынсызданып жатканын айтып, россия тараптан аталган маселени адилетүү жана акыйкат кароону суранды.


Мындан тышкары, жолугушууда россия тарап РФ президентинин жарлыгынын колдонуу мөөнөтүн 2025-жылдын 10-сентябрына чейин узартылганын билдирди. Мындай чечим Россиянын аймагында мыйзамсыз жашаган чет элдик жарандардын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалын жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берет.


Тараптар союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда кыргыз-россия мамилелерин мындан ары дагы бекемдөөгө чечкиндүүлүгүн белгилешти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн