Альпинизм Федерациясынын президенти Эдуард Кубатов жана федерация өкүлдөрү 26-май күнү Путин чокусуна чыкты. Бул тууралуу Эдуард Кубатов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка ылайык, буга чейин аталган чокуда Украинанын туусу белгисиз адамдар тарабынан коюлган.
Кубатов баштаган альпинисттер чокуга Кыргызстандын туусун орнотушкан.
Аталган чокуга Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин аты 2011-жылы ыйгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн