Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 04:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Президент: Улуу санжырачы, тарыхчылар кабыл алынган желекте каталар кетирилгенин айтышкан

16.12.2023 19:53
592
Президент: Улуу санжырачы, тарыхчылар кабыл алынган желекте каталар кетирилгенин айтышкан


Президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн II Элдик курултайда делегаттардын туу боюнча суроолоруна жооп берди.


"Желек кабыл алынганда Ысык-Көлдүн улуу санжырачылары "желегибиз күнкарамага окшоп калыптыр, оңдоп коюшса болмок экен" деп, ал эмес түндүгүбүз да туура эмес болуп калганын айткан. Көрсө, түндүктөгү үчтөн алты чамгарктуу боз үй жалаң жамандыкка тигилет экен. Ушуга байланыштуу тууну бир аз өзгөртүү демилгеленди", - деди Садыр Жапаров.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өттү. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышты.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн