Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 07:45
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Президент Бельгиянын королуна адам өмүрүн алган суу каптоого байланыштуу көңүл айтты

24.07.2021 11:52
726
Президент Бельгиянын королуна адам өмүрүн алган суу каптоого байланыштуу көңүл айтты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Бельгия Королу Филиппке Бельгиядагы адам өмүрүн алган суу каптоолорго байланыштуу көңүл айтты.


«Бельгиянын айрым аймактарын суу каптап, анын кесепетинен адамдар каза болуп, ири кыйроолор болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.


Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм», — деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн