Кулжа 12, 2025
Убакыт: 01:39
USD
87.30
87.80
EUR
99.50
100.50
RUB
1.095
1.125

Пекинде өткөн "Борбор Азия – Кытай" жолугушуусунда кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды

26.05.2025 12:32
159
Пекинде өткөн "Борбор Азия – Кытай" жолугушуусунда кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды


24-майда Пекин шаарында тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров «Борбордук Азия – Кытай» форматындагы тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жолугушуусуна катышты.


Министрликтен билдиришкендей, жолугушууда тараптар 2023-жылдын май айында Сиань шаарында «Борбордук Азия – Кытай» биринчи саммити өткөрүлгөндөн бери кызматташуунун активдешүүсүн баса белгилеп, Борбордук Азия мамлекеттеринин Кытай менен ар кандай тармактарда өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.


Ошондой эле 2025-жылы боло турган «Борбордук Азия – Кытай» экинчи саммитинин мазмундук бөлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.


М.Абакиров өз сөзүндө Кыргыз Республикасы «Борбордук Азия-Кытай» форматын Кытай Эл Республикасы менен өнөктөштүктө өз ара ишенимди, ынак коңшулук мамилелерди, туруктуу өнүгүүнү жана бүткүл аймактын жалпы гүлдөп-өнүгүүсүн бекемдөө үчүн таасирдүү стратегиялык инструмент катары карай турганын баса белгиледи.


Ошол эле күнү М.Абакиров Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министринин жардамчысы Лю Бинь менен эки тараптуу жолугушууну өткөрдү, анын алкагында тараптар 2025-жылдагы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташуунун жогорку динамикасын баса белгилеп, үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында мындан аркы биргелешкен иштердин пландарын талкуулашты.


Тышкы саясий ведомстволордун жетекчилеринин орун басарлары соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташууну өзүнчө талкуулап, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурушту.


"Тараптар ошондой эле көп тараптуу уюмдар жана платформалар алкагында кызматташуу боюнча пикир алмашышты",-деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн