Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 14:13
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Парламентти таратууну көздөгөн Перунун президентине импичмент жарыяланып кармалды

08.12.2022 08:45
858
Парламентти таратууну көздөгөн Перунун президентине импичмент жарыяланып кармалды

7-декабрда Перу өлкөсүнүн башчысы Педро Кастильо козголгон кылмыш иштеринин алкагында колго түшүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.


Маалыматка ылайык, Педро Кастильо 7-декабрь күнү парламентти таратып, өлкөдө коменданттык саат киргизүүнү жарыялаган. Бирок Перу Конгресси президенттен эрте аракетке өтүп, ага карата импичмент жарыялоого жетишкен.

Мындан улам Кастильонун ордуна вице-президент ант берип, президенттик милдетти аткарууга киришкен.


Ал эми укук коргоо органдары буга чейин Педро Кастилього козголгон 6 кылмыш ишинин алкагында аны кармаган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн