Бугу 01, 2025
Убакыт: 14:43
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.050
1.090

Ошто милиция кызматкерине зомбулук көрсөткөндөргө кылмыш иши козголду

01.05.2025 11:36
24
Ошто милиция кызматкерине зомбулук көрсөткөндөргө кылмыш иши козголду


Милиция кызматкерине карата зомбулук көрсөткөн жарандарга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. 


Маалыматка ылайык, 5-апрелде Ош шаарды милициясына болжол менен саат 22:00 чамасында Амир-Темир жана Ферганская көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда Фит" унаасында ичимдик ичип, коомдук тартипти бузуп жаткан жарандар тууралуу маалымат түшкөн.


Кызматтык милдетин аткарып барган милиция кызматкерлери Мурадыл Исраилов жана Кутман Калиловдор ичимдик ичип отурган жарандар — С.Н. жана Б.М.ны кармап, наркология бөлүмүнө жеткиришкен. 


Ошол учурунда жарандар каршылык көрсөтүп, алардын бири милиция кызматкерине зомбулук көрсөтүп, бетке муштап, кызматтык кийимин айрып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн.


Окуянын жыйынтыгында кызматкер М.Исраилов жабык баш мээ жаракатын алып, медициналык экспертизанын корутундусу менен жеңил жаракат алган деп табылды.


Бул факты боюнча С. Н. КР Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык, бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 30-апрелде ага айыбы угузулду. 


Ош шаардык сотунун чечими менен С.Н. жана Б.М аттуу жарандар 14-майга чейин камакка алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн