Кулжа 14, 2025
Убакыт: 01:52
USD
87.30
87.80
EUR
100.30
101.30
RUB
1.085
1.120

Ошто ата-энесиз балдар үчүн «Кайдыгер караба, кайрымдуу бол!» иш-чарасы уюштурулду (фото)

11.05.2022 15:41
883
Ошто ата-энесиз балдар үчүн «Кайдыгер караба, кайрымдуу бол!» иш-чарасы уюштурулду (фото)



Бүгүн, 11-май күнү Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтү тарабынан «Кайдыгер караба, кайрымдуу бол!» аталышындагы иш-чара өтүп, 300 жетим балага баалуу белектер тапшырылып, сый тамак жана концерттик программа тартууланды. Бул тууралуу президенттин Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.


Аталган иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Сейтек Кулубаев ж.б. коноктор катышты.


Кайрымдуулук иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгына ылайык, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата өткөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн