Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 19:42
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ошто муктаж 600 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

30.03.2020 17:47
840
Ошто муктаж 600 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

 

Ош облусунда жардамга муктаж 600 үй-бүлөгө азык-түлүк берилди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Ош облусунун мусулмандар казыяты жана “Личность” коомдук кайрымдуулук фонду биргеликте жардамга муктаж 600 үй-бүлөгө ун, май, кум шекер, макарон, картошка, сабиз жана 2 миң медициналык бет кап тараткан.


“Жардамга муктаж жарандарыбыз аябай эле көп. Мындай  оор кырдаалда аларга колубуздан келишинче жардам берип,  унутпоообуз кажет. Кудай буюрса мындай илдеттен арылган кубанычтуу күн да келет”, — деген Ош облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмүнүн адиси Акжол ажы Бакиров.

 

 

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн