Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 18:58
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ошко Москвадан Кыргызстандын 325 жараны учуп

20.06.2020 15:19
1165
Ошко Москвадан Кыргызстандын 325 жараны учуп


Бүгүн, 20-июнда Кыргызстанга «Аэрофлот-Россия авиа линиясынын» «Москва-Ош» маршруту боюнча Россиядан Кыргызстандын 325 жараны, анын ичинде жаш балдар кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Каттамдын орундуктары чектелүү болгондуктан жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан, бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспорасынын, Москва шаарындагы медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Россиядагы Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлеринен түзүлгөн комиссия тарабынан түзүлгөн.

Бардык учуп келген жарандар бекитилген тартипте медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга алынат.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын мекенине кайтарууну уюштуруу иштери улантылат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн