Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 16:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Ош жана Жалал-Абадда жер титирөө катталды

24.07.2020 09:20
1246
Ош жана Жалал-Абадда жер титирөө катталды

    

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 24-июль күнү саат 02:34тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Көл, Косо-Терек айылдарында, Кара-Көл шаарында жана Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген.


Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн